Ош мамлекеттик университети менен Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде, билим берүү жана илим тармагындагы өз ара байланышты өнүктүрүү, ошондой эле өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо максатында, Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунан кытай тили адистигинде билим алган студенттер ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетине бир жумалык академиялык сапар менен келип кетишти.
Сапардын жүрүшүндө студенттер кытай тили боюнча сабактарга катышып, тажрыйба алмашышты жана кытай маданиятына байланышкан иш-чараларга активдүү катышышты. Ошондой эле алар үчүн Ош шаарынын тарыхый жана маданий жайларына экскурсиялар уюштурулуп, студенттер шаардын бай маданияты жана кооз жерлери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Бул сыяктуу академиялык мобилдүүлүк программалары эки окуу жайдын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары да бекемдеп, келечекте биргелешкен долбоорлордун жана билим берүү багытындагы иш-чаралардын улантылышына өбөлгө түзөт. Кызматташтык мындан ары да уланат.