Haber

“Үңгу жол” аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

2026-жылдын 28-апрель күнү Медициналык колледжде студенттердин тарбиясын чыңдоо, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана кыргыз элинин салт-санааларын жайылтуу максатында “Үңгу жол” аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага колледждин окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, кыргыз элинин тарыхы, каада-салттары жана маданияты тууралуу мазмундуу баяндамалар, ырларды көрсөтүлдү. Иш-чарага Медициналык колледжинин директору м.и.к., доцент З.С. Арынова жана ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор п.и.к.доцент Шарипов Мастурахан Сайпидиновна катышып, сөз сүйлөштү. Алар мындай иш-чаралар жаштарды тарбиялоодо, улуттук баалуулуктарды сактоодо жана студенттердин маданий деңгээлин жогорулатууда чоң мааниге ээ экенин белгилешти. Ошондой эле студенттерге билим алууда ийгиликтерди каалашты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер улуттук кийимдерди кийип, кыргыз элинин каада-салттарын чагылдырган номерлерди тартуулашты. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга ректорат тарабынан грамата значоктор тапшырылып жакшы маанай тартуулады. Уюштуручулар директордун тарбия иштери боюнча орун басары Ж.А.Исманалиева. окутуучулар Н.Атажанова, К.Муратбаева.
57 13:52 25-05-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|