Биотехнология боюнча Ташкент химиялык-технологиялык институтунда окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу
05:23
26-05-2026
135
2026-жылдын 4–26-май күндөрү Эл аралык медицина факультетинин «Табигый илимдер жана математика» кафедрасынын окутуучулары — Тешебаева У.Т., Молдобаева А.О. жана Марс кызы Таттыбубу Ташкент химиялык-технологиялык институтунда биотехнология багыты боюнча уюштурулган квалификацияны жогорулатуу курсун ийгиликтүү аякташты.
Окутуу аралаш форматта өттү: 4–14-май күндөрү офлайн, 14–26-май күндөрү онлайн.
«Дарылык өсүмдүктөрдүн органикалык эмес заттарынын жана минералдык жер семирткичтеринин технологиясы» программасы 144 саатты түздү.
Курстун жыйынтыгында окутуучуларга сертификаттар тапшырылды. Алынган билим жана тажрыйба кесиптик чеберчиликти жогорулатууга, заманбап окутуу ыкмаларын колдонууга жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.