News

" Кыргыз сому жана анын тарыхы" аттуу финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чара.

2026-жылдын 26-май күнү STEM инновациялык колледжинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыктан өкүлдөр келишип, студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук валюта-сомдун тарыхы, сакталышы, коргоо элементтери, банктын кызматтарын туура колдонуу, финансылык сабаттуулук тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Иш-чараны STEM инновациялык колледжинин окуу иштер боюнча директордун орун басары Сулайман уулу Заирбек агай ачып берди. Окутуучулар, студенттер тарабынан суроолор берилип, иш-чара жандуу өттү. Берилген маалыматтар студенттердин турмушунда пайдасы тиет деген үмүттөбүз.Улуттук банктын өкүлдөрү Келдиев Нургазы Турдибаевичке жана Исманов Эрмек Марипжановичке жана уюштуруучу Мамитова Мырзагүл Мийзамидиновнага ыраазычылык билдиребиз. Иш-чарага колледждин окутуучусу Т.Батырова да катышты.

67 10:56 26-05-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|