5Е модели менен сабакты уюштуруу деген темада семинар уюштурулду
11:26
26-05-2026
68
2026-жылдын 21-февралында индустриалдык-педагогикалык колледжде МДЦКнын төрагасы К. Байгазиев жана методикалык кеңешинин мүчөсү Ж. Мисиралиева билим берүү тармагындагы заманбап окутуу ыкмаларын жайылтуу максатында семинар уюштурушту.
Конокко тажрыйбалуу педагог, ф-м.и.к., доцент Г. Борбоева “5Е модели менен сабакты уюштуруу” деген темада семинар өтүп берди. Ал 5Е модели боюнча кеңири түшүндүрмө берип, сабак өтүүдөгү заманбап ыкмалар менен бөлүштү.
Семинар интерактивдүү форматта өттү. Окутуучулар семинардан жаңы идеяларды жана практикалык тажрыйбаларды алышты. Г. Борбоеванын тажрыйбасын катышуучулар жогору баалашты жана ага чыгармачылык ийгиликтер каалашты. Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана окутуунун сапатын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.