Новости

“Башталгыч класстарды окутуу” адистигинин 2-курс студенттери менен “Мен жана дүйнөнү окутуунун теориясы жана технологиясы” дисциплинасынын алкагында “Кызыл китепке кирген жаныбарлар жана өсүмдүктөр” темада

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Табигый дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу Г. Толокова “Башталгыч класстарды окутуу” адистигинин 2-курс студенттери менен “Мен жана дүйнөнү окутуунун теориясы жана технологиясы” дисциплинасынын алкагында “Кызыл китепке кирген жаныбарлар жана өсүмдүктөр” темасында студенттердин өз алдынча иштерин ийгиликтүү жыйынтыктады. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жаратылышты коргоо, сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактоо боюнча өз ойлорун, даярдаган баяндамаларын жана чыгармачыл тапшырмаларын сунуштап, теманы терең өздөштүргөндөрүн көрсөтүштү. Окутуучу Г. Толокова студенттердин изденүүсүнө, чыгармачылык менен иш алып баруусуна жана экологиялык аң-сезиминин калыптанышына өзгөчө көңүл буруп, ишти жогорку деңгээлде уюштурду. Натыйжада студенттердин өз алдынча иштери мазмундуу, пайдалуу жана таасирдүү өттү.
21 05:32 28-05-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|