News

“Айтматовдун чыгармаларын окутуудагы инновациялык ыкмалар” аттуу усулдук семинар

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары Аскарова Алия жана Жоомарт кызы Бактыкан “Айтматовдун чыгармаларын окутуудагы инновациялык ыкмалар” аттуу усулдук семинар өткөрүштү. Семинардын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окутууда колдонулуучу заманбап педагогикалык ыкмалар, интерактивдүү методдор жана студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле окутуучулар сабак өтүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, билим берүү процессинде инновациялык технологияларды пайдалануунун артыкчылыктарын белгилешти.
8 02:52 29-05-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|