News

Ден соолук жашоо образынын көндүмдөрүн калыптандыруу жана аларды билим берүү процессине интеграциялоо

2026-жылдын 14-апрелинде Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору (РДЧББ) менен биргеликте Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы билим берүү мекемелеринин "Коопсуз ден соолук жашоо образы" предметинин мугалимдери үчүн "Ден соолук жашоо образынын көндүмдөрүн калыптандыруу жана аларды билим берүү процессине интеграциялоо" темасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрдү. Анда ОшМУнун медициналык колледжинин табият таану жана так илимдер ПЦКсынын окутуучусу Сайпидинова Бусанам Абдикайымовна менен STEM инновациялык колледжинин информациялык технологиялар бөлүмүнүн окутуучусу Жалалова Кайыргүл Кыдыровна биргеликте “Билим берүү процессинде санариптик платформаларды коопсуз жана пайдалуу колдонуу” – деген темада семинар өтүп келишти.

13 05:49 29-05-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|