Новости

«Билерман ордо» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

Эл аралык билим берүү программалары колледжинде 12-декабрь - Адабият күнү жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 97 жылдыгынын мааракесине карата «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча уюштурулуп, ага колледждин студенттеринен түзүлгөн ондогон команда катышты. Оюнда жазуучунун чыгармалары, каармандары жана идеялары боюнча суроолор берилди. Иш-чаранын максаты студенттердин адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу, Чыңгыз Айтматовдун мурасын тереңдетип үйрөтүү жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо. Мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн командалар диплом жана белектер менен сыйланышты.
3 07:02 29-05-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|