Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинде окутуучулар арасында өткөрүлгөн «СӨАИ чебери» аттуу кесиптик чеберчилик сынагы жыйынтыкталды.
Аталган конкурска колледждин тажрыйбалуу окутуучулары катышып, билим берүүдөгү инновациялык ыкмаларын жана педагогикалык чеберчиликтерин көрсөтүштү. Калыстар тобунун чечими менен Фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу Маликова Айгүл медициналык багыттагы окутуучулардын арасынан жогорку даярдыгы жана чеберчилиги менен айырмаланып, 1-орунду ээледи.