Жанылыктар

Финансы жана банк иши бөлүмүндө ачык сабак

2026-жылдын 19-май күнү ФжБИ бөлүмүнүн окутуучусу Таабалдиева Гулзина ЭБК-2-24 экономика жана бухгалтердикэсеп адистигинин, 2-агым кыргыз тайпасына Менеджмент дисциплинасынан “Башкаруудагы чечимдерди кабыл алуу” деген темада ачык семинардык сабак өттү. Сабак учурунда студенттер башкаруудагы чечимдерди түрлөрүн, этаптарын, натыйжалуулугун жана аларды башкарууда чечимдерди туура пайдалануу боюнча терең талдоо жүргүзүштү. Тема боюнча практикалык тапшырмалар жана талкуу менен коштолгон жигердүү диалог уюштурулду.Сабак өз максатына жетип, студенттерде темага болгон кызыгууну арттырды жана теориялык билимдерин практикада колдонууга өбөлгө түздү. Сабакта заманбап, технологиялар, интерактивддүү ыкмалар колдонулду. Ачык сабакка Шарип кызы Акыйбат, Маликов Алтынбек, Карабаева Толгонай, Сооронбек кызы Толкунай катышышты.
4 10:07 29-05-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|