News

Тил майрамына арналган иш-чара

2025-жылдын 22-23-сентябрь күндөрү, ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунда 23-сентябрь мамлекеттик тилибиздин кабыл алынгандыгынын 36 жылдыгына карата, БББТАТМ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан “Кыргыз тили – улуттук биримдиктин жана руханий жаңылануунун негизи” аттуу эки этаптан турган иш-чара болуп өттү. Экинчи күнү ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент М.Шарипованын буйругунун негизинде, окутуучу М. Турдумамат уулунун уюштуруусу менен 7.30да студенттер жана аталган кафедранын окутуучулары тарабынан тил гимни ырдалып, видеолору соцсеттерге жарыяланды.Быйылкы жылы институттун жетекчилигинин тапшырмасы менен иш-чара жылдагыдан айырмаланып, практикалык баалуулугу жогору деңгээлде өткөрүлдү.
4 11:59 29-05-2026

                 

News

|< 1 >|