Haber

"Күн балдарынын" жана алардын ата-энелеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган социалдык-укуктук багыттагы мастер класс өттү.

"Күн балдарынын" жана алардын ата-энелеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган социалдык-укуктук багыттагымастер классөт тү.

30-майда Ош шаарында ОшМУнун ЭБМИнун Социалдык иштер кафедрасынын алдындагы Социалдык клиника жана «Социум» клубу менен биргеликте 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарынын жана Ош областынын майыптыгы бар балдарга жана алардын ата–энелерине багытталган социалдык-укуктук багыттагы мастер класс өткөрдү..

Мастер-класс Ош шаарындагы Үмүт планетасы – балдардын реабилитациялык борборунда өтүп, ага жыйырмага жакын өзгөчө муктаждыгы бар балдар жана алардын ата-энелери катышты. Алар борбордун адистеринен акысыз консультациялар жана бир жолку акысыз кызматтарды ала алышты. Андан сырткары Ош шаарындагы “Фуд тайм” кафесинде социалдык-маданий иш- чара өткөрүлүп, “КҮН НУРУ” суусундуктары жеке ишкерлигин колдоо максатында Маманазарова Уркуя жана анын балдары үчүн “Социалдык ишкердик жүргүзүү, каржылык сабаттуулук жана ишкердиктин укуктук негиздери боюнча консультацияларды ММБ кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Талайбек уулу Тариэль, окутуучу Эсенали кызы Гулзина жана ТЮИнин улук окутуучусу Пирматова Айпери беришти.

Окутуучулар Кундуз Каримова, Дилбара Азизова, Дилнара Рустамова, Дилшат Каримова, Рустамова Дилнара катышуучулар менен иш алып барып, пайдалуу кеңештерин беришти.

Иш-чара Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагындагы Даун синдрому бар балдардын жана алардын ата-энелеринин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталып демилгеленди.

66 12:48 30-05-2026

                 

Haber

|< 1 >|