News

Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде өткөн эл аралык конференцияга катышуу

2026-жылдын 28–30-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору А.Г. Низамиев Ташкент шаарындагы Өзбекстан улуттук университети тарабынан уюштурулган “GIS in Central Asia – GISCA 2026” аттуу эл аралык илимий конференцияга жана “Geospatial Intelligence for a Digital Earth” темасындагы эл аралык семинарга катышты.

Илимий иш-чарага Өзбекстан жана Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен катар Австрия, Германия, Казакстан, Кытай жана Тажикстандан келген окумуштуулар жана адистер катышышты. Кыргызстандан Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ош мамлекеттик университети жана Ош технологиялык университети өкүлдөрү катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө географиялык маалыматтар системаларынын (ГИС) санариптик өнүгүүдөгү, аймактарды башкаруудагы, экологиялык мониторингдеги, айыл чарбасындагы жана инфраструктуралык пландаштыруудагы орду кеңири талкууланды. Ошондой эле заманбап геомейкиндик технологияларды колдонуу аркылуу туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында географиялык маалыматтар системалары бүгүнкү күндө экономика менен коомдук турмуштун ар кыл тармактарында негизги инструменттердин бири болуп калгандыгы илимий жана практикалык мисалдардын негизинде дагы бир жолу тастыкталды. Конференция жаңы илимий байланыштарды түзүүгө, тажрыйба алмашууга жана келечектеги эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

85 03:55 01-06-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|