News

Кесипке багыт берүү ПЦКсынын кезектеги «Устат-шакирт» алкагындагы семинар сабак өткөрүлдү

Кесипке багыт берүү ПЦКсынын кезектеги «Устат-шакирт» алкагындагы семинар сабак өткөрүлдү Айыл чарба колледжинин Кесипке багыт берүү ПЦКсынын кезектеги «Устат-шакирт» иш-чарасынын алкагында ветеринария адистигинин окутуучусу Каллиникова А. тарабынан «Айыл чарба жаныбарларындагы мастит» аттуу темада семинар сабак жогорку деңгээлде өткөрүлдү.Семинарга Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрагасы Халмурзаев А.Н., колледждин бөлүм башчысы Маматкулов П., ветеринария адистигинин окутуучусу Боронбаев М., ошондой эле Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучусу Орозмаматова П. жана башка окутуучулар катышышты. Сабактын жүрүшүндө мастит оорусунун пайда болуу себептери, клиникалык белгилери, алдын алуу жана дарылоо жолдору боюнча кеңири маалыматтар берилди. Окутуучу теманы заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу менен жеткирип, катышуучулардын кызыгуусун арттыра алды. Катышуучулар тарабынан тема боюнча суроолор берилип, өз ара пикир алмашуулар жана талкуулар жүргүзүлдү. Өзгөчө мал чарбачылыгында мастит оорусунун экономикалык мааниси, сүттүн сапатына тийгизген таасири жана оорунун алдын алууда ветеринардык-санитардык талаптарды сактоонун ролу кеңири талкууланды.
91 11:18 01-06-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|