Жанылыктар

ОшМУдагы ачык сабактар жана методикалык кеңештин иши

2026-жылдын 27–30-апрель жана 18–24-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинде 2019–2025-жылдары кабыл алынган окутуучулардын ачык сабактары улантылды. Ачык сабактарды ийгиликтүү өткөргөн окутуучулар: Субанова Аида – Медицина факультетинин улук окутуучусу; Таалайбек кызы Мадина – Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун ассистент окутуучусу; Маматова Н. жана Нурбаева К. – Медицина факультетинин ассистент стажерлору; Кожомкулова Н., Моминова А., Шамшиева А., Турдиева Д. – Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучулары; Өмүрзакова П. – Чыгыш таануу институтунун окутуучусу. Бул сабактарга ОСМКБнын башчысы Былыкова М.М., методист-координаторлор Нурмаматова М. жана Шаимкулова Ө., ошондой эле факультеттердин методикалык кеңештеринин төрайымдары жана кафедра башчылары катышып, методикалык кеңештерин беришти. Методикалык кеңештин отурумдары 29-апрель жана 29-май күндөрү ОшМУнун методикалык кеңешинин кезектеги отурумдары өтүп, төмөнкү маселелер талкууланды: Практика программаларынын сапаты боюнча анализ; “Заманбап лектор”, “Заманбап окутуучу”, “Педагогикалык дебют” жана башка конкурстарды уюштуруу жана жыйынтыктарын чыгаруу; Окуу-усулдук басылмаларды Окумуштуулар кеңешине сунуштоо; Экзамендердин жыйынтыгы жана билим сапатынын мониторинги; Электрондук билим берүүнү өркүндөтүү жана санариптик технологияларды колдонуу; ПО курамдын рейтинги жана жеке кабинетке жүктөө; Дене тарбия жана искусство багыты боюнча окутуу программасын түзүүнүн өзгөчөлүктөрү. Бул иш-чаралар окутуунун сапатын жогорулатууга, санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө багытталды.
85 04:53 02-06-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|