Июнь, 2026. Медициналык дисциплиналарды окутуунун заманбап ыкмалары: АГНФ кафедрасынын окутуучулары үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу уюштурулду.
07:20
02-06-2026
41
АГНФ кафедрасынын башчысы С.Дж.Джолдубаевдин демилгеси менен кафедранын профессордук-окутуучулук курамы үчүн медициналык анатомияны, гистологияны жана физиологияны окутуунун заманбап ыкмаларына арналган 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу боюнча академиялык тренинг-курс уюштурулду. Курстун лектору Санкт-Петербург шаарындагы «Реавиз» университетинин профессору Р.М.Хайруллин, ал угуучуларды заманбап билим берүү технологиялары жана медициналык дисциплиналарды окутуунун актуалдуу методикалары менен тааныштырды.