Новости

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин сыйлоо аземи өткөрүлдү

2026-жылдын 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин сыйлоо аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Иш-чарага Ош облусуна карашту райондордон жана ЖОЖдордун 200гө жакын кызматкерлери катышты. Салтанатта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси, полковник Абдыкадыр Жунусов куттуктоо сөз сүйлөп, билим берүү тармагына кошкон үзүрлүү эмгеги жана коомдук иштердеги активдүү катышуусу үчүн бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы, биология илимдеринин кандидаты, доцент А.Э. Саттаров сөз сүйлөп, сыйлык алган кызматкерлерди чын дилинен куттуктап, алардын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, кызматкерлердин кесиптик эмгегине болгон сый-урматтын жана баалоонун айкын көрүнүшү болду.
65 04:25 03-06-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|