Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы кафедрасында 2025-жылдын 23-апрелинде илимий жумалык М.Мадумарова тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө БББТАТМ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышып, өздөрү жетектеген студенттер тарабынан даярдалган илимий макалалар жана баяндамалар угулду. Мыкты деп табылган баяндамалар боюнча байгелүү орундар үчүн дипломдорго ээ болушту:
I орун – НО-2-22 тайпасынын студенти Шермаматова Нуржан
“Академиялык мобилдүүлүк контекстинде окутуучунун ролу: фасилитация жана салттуу окутуунун салыштырма талдоосу” аттуу макаласы үчүн
(жетекчиси: ф.и.к., доцент Гапарова Ч.А.);
II орун – ДЛ-1-23 тайпасынын студенти Номанжанова Дилшода
“Мектепке чейинки курактагы балдардын кебин калыптандыруу ыкмалары” темасындагы баяндамасы үчүн
(жетекчиси: п.и.к., доцент Мадумарова М.);
III орун – НО-2-22 тайпасынын студенти Борубек кызы Бубуфатима
“Жаштар жана адабий норма: көйгөйлөрү жана тенденциялары” аттуу баяндамасы үчүн
(жетекчиси: ф.и.к., доцент Гапарова Ч.А.).
Илимий жумалыктын алкагында активдүү катышкан бардык студенттерге сертификаттар тапшырылды. Иш-чара студенттердин илимий изденүүсүн өнүктүрүүгө жана академиялык чөйрөдөгү активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү.Иш-чаранын жыйынтыгында музыкалык ырлар менен жагымдуу маанай тартууланды.