ЭББПКда «Күздүн даам палитрасы - 2025» кароо-сынагы өттү.
10:07
03-06-2026
83
2025-жылдын 28-ноябрында ЭББПКда Аялдар кеңеши тарабынан "Күздүн даам палитрасы - 2025" аттуу кароо-сынагы болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты студенттердин эстетикалык чыгармачылык жана кулинардык потенциалын жогорулатуу, 90-60-ж.ж. адабий мейкиндиктеги обондуу ырлар, динамикалуу бийлер, түстүү стилдеги ретро-кийимдерди азыркы муундардын эсине салуу.
Иш-чарага Коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Мадмарова Гулмира Араповна, Ош МУнун студенттик кеңешинин төрагасы Кенжеев Токтобай Абдырахманович, Ош шаарындагы Европа кухнясынын мастери Мамасалиева Жийдегүл жана карвинг, мөмө-жемиштерди кооз кесүү боюнча мастер Аракеева Шахризада Эргешалиевналар калыстар тобунун мүчөлөрү болуп, сынактын катышуучуларына калыстык баа берип кетишти. Жыйынтыгында, сынактын жеңүүчүлөрүнө диплом, грамота, сыйлуу белектер берилди.