Ош МУнун медициналык колледжинде бүтүрүүчүлөрдүн кечеси өткөрүлдү.
2026-жылдын 2-июль күнү медициналык колледжде бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу кече өткөрүлдү. Иш чарага ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышып, жаш адистерди окууну ийгиликтүү аякташы менен куттукташты.
Салтанаттын жүрүшүндө медициналык колледждин директору З.С. Арынов, фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын төрагасы О. Коланов бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле окууда, коомдук иштерде жана чыгармачылык багытта өзгөчөлөнгөн студенттерге ыраазычылык каттар жана сыйлыктар тапшырылды.
Иш чарада студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, ыр-бийлер, куттуктоолор жана каалоо-тилектер менен коштолду. Бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн студенттик күндөрүн эскерип, окутуучуларына жана ата-энелерине терең ыраазычылыктарын билдиришти. Уюштуручулар директордун тарбия иштери боюнча орун басары Ж.А.Исманалиева жана фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу Жакыпова Гулмира, кураторлор.
Медициналык колледждин жамааты бүтүрүүчүлөргө ак жол, бекем ден соолук жана кесиптик ийгиликтерди каалайт.