Haber

ЭАББПЖМнин окутуучулары TOMER Aydin C1 сертификаттарын алышты

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин жамааты өзүнүн кесипкөй кадрларынын ийгиликтерине кубанычта. Окутуучулар Жусуева Толгонай, Абдыкадырова Жаныл, Абжапар кызы Фарида талыкпаган эмгектенүүнүн натыйжасында түрк тилин билүү деңгээлин тастыктаган С1 сертификатына ээ болушту. Бул жетишкендик алардын академиялык дараметин жана кесиптик чеберчилигин жогорулатат. Ошондой эле, бүгүн мектебибизде көп жылдан бери түрк тилин үйрөтүп, түрк маданиятын жайылтууга зор салым кошуп келе жаткан урматтуу окутуучубуз Мухаммед Мустафа Текинге Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директорунун атынан Орозов Максат Омурбекович ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
71 13:38 03-06-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|