ОшМУнун окутуучулары Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл Аралык университетинин медициналык колледжинде конок лекцияларды жана мастер-класстарды өтүштү
14:35
03-06-2026
83
Мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин фармацевтиалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл Аралык университетинин медициналык колледжине барып, конок лекция, практикалык сабак жана мастер-класстарды өткөрүп келишти.
Бул иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы тажрыйба алмашууну жана билим берүүдөгү интеграцияны күчөтүү максатын көздөйт. Иш сапардын алкагында төмөнкү окутуучулар өздөрүнүн багыттары боюнча актуалдуу темаларда сабак өтүштү:
Жоробаева Гүмүшай Алдыраковна – «Мази. Изготовление гетерогенных мазей» (Лекция);
Эдилбекова Алмагүл Бакиевна – «Эфирные масла, применяемые в медицине» (Мастер-класс);
Коланов Орунбек – «Кыргызстандын дары өсүмдүктөрүнүн түрлүүлүгүнүн көп түрдүүлүгү» (Лекция);
Оморова Айнура Шермаматовна – «Лекарственные растения и сырье, содержащие БАВ оказывающие воздействие на печень и желчевыводящие пути» (Практикалык сабак);
Мындай мобилдүүлүк программалары студенттердин заманбап медициналык билимдерди терең өздөштүрүүсүнө жана окутуучулар курамынын кесиптик деңгээлин жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт.