Жаш адистердин келечеги: институтта кесип тандоодогу стереотиптерди жоюу боюнча мастер-класс уюштурулду
16:28
03-06-2026
95
2026-жылдын 24-январында Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун Социалдык иштер кафедрасынын алдындагы “Социум” волонтердук клубу жана “Эркин кыз” волонтердук клубу биргеликте “Кесип тандоодо пайда болгон социалдык-психологиялык көйгөйлөр жана стереотиптер” деген темада мастер-класс өткөрүштү.
Иш-чаранын башкы максаты:
Катышуучуларга кесип тандоо процессинде коомдун, үй-бүлөнүн, курбу-курдаштардын жана гендердик стереотиптердин тийгизген таасирин түшүндүрүү, социалдык-психологиялык тоскоолдуктарды аныктоого көмөктөшүү, ошондой эле жеке кызыгууларына, жөндөмдөрүнө жана баалуулуктарына ылайык аң-сезимдүү түрдө кесип тандоо көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Мастер-класстын жүрүшүндө катышуучулар стереотиптик ой-пикирлерди сын көз караш менен талдап, кесиптик багыт алууда өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн бекемдей алышты.
Иш-чарага институттун окутуучулары Кундуз Каримова, Дилбара Азизова жана Дилшат Каримова катышып, студенттер менен активдүү иш алып баруу менен бирге, аларга өздөрүнүн баалуу кеңештерин жана багыттарын беришти.