“РОСОМЕД” уюмунун колдоосу менен ишке ашып жаткан «Интеллектуальная викторина в формате “Своей игры” для оценки уровня профессиональных знаний медиков-знатоков» аттуу долбоордун алкагында Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын дарыгерлери үчүн пилоттук тестирлөө оюндарынын 6-оюну уюштурулду. Ага медицинанын ар кыл тармактарында эмгектенген врачтардан куралган “Авицена” жана “Гиппократ” командалары катышып, 2500 упай топтоо менен “Авицена” командасы 1-орунду ээледи. Мындан тышкары ар бир командадан мыкты оюнчулар аныкталды.
Оюнчуларга 3 раундда “Клинические понятия на “Г””, “Глаза”, “Будьте здоровы!”, “Первые”, “Химия и жизнь”, “Один из четырёх” ж.б. категориялар боюнча түзүлгөн 40 суроо берилип, алар анын 26сына туура жооп беришти. Иш-чараны орус тилинде проф. С.М. Амиралиев алып барды. Катышуучуларга медициналык халат, глобус, блокнот сыяктуу белектер жана дипломдор тапшырылды.
Оюнду уюштурууга жакындан колдоо көрсөткөндүгү үчүн клиниканын директору Иметова Жазгуль Букарбаевнага терең ыраазычылык билдиребиз.