Haber

Долбоордун 8-оюну уюштурулду

Долбоордун 8-оюну уюштурулду “РОСОМЕД” уюмунун колдоосу менен ишке ашып жаткан «Интеллектуальная викторина в формате “Своей игры” для оценки уровня профессиональных знаний медиков-знатоков» аттуу долбоордун алкагында пилоттук тестирлөө оюндарынын 8-оюну ОшМУнун медицина факультетинин “Госпиталдык хирургия”, “Жалпы жана факультеттик хирургия” жана “Хирургиялык оорулар” кафедраларынын өкүлдөрүнөн куралган “СКАЛЬПЕЛЬ” жана “ХИРУРГ” командалары катышып, 1800 упай топтоо менен “СКАЛЬПЕЛЬ” командасы 1-орунду ээледи. Мындан тышкары эки командадан тең Таалайбек деген катышуучулар мыкты оюнчулар деп табылды. Аларга 3 раундда “Ассорти”, “Химические элементы”, “Болезни на “А””, “Вокруг гистологии”, “Врачи”, “Вопросы от декана медицинского факультета ОшГУ” ж.б. категориялар боюнча түзүлгөн 40 суроо берилди. Иш-чараны орус тилинде проф. С.М. Амиралиев алып барды. Катышуучуларга стетоскоп, медициналык халат, глобус сыяктуу белектер жана дипломдор тапшырылды.
34 03:28 04-06-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|