Жанылыктар

ОшМУнун Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын делегациясы Наманган мамлекеттик университетинде иш сапары менен болду

Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Ош мамлекеттик университетинин Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын делегациясы Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетине иш сапары менен барып келди.

Делегацияны кафедра башчысы Гаффорова Х.И. жетектеди. Делегациянын курамында т.и.д., профессор Абдуллаева М.Д., х.и.к., доценттер Абдулазизов Т.А., Полотов И.Ж., Сапаров К.К., Жапаров О.Ж., Суйунбекова А.С., Кенешов Б.М., ага окутуучу Ярматов М. жана окутуучулар Байматова Р., Кошназарова Ч. болушту.

Иш сапардын жүрүшүндө ОшМУнун өкүлдөрү Наманган мамлекеттик университетинин Табигый илимдер факультетинин жетекчилиги, Химия жана физика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, студенттери жана магистранттары менен жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууларда академиялык мобилдүүлүк, студенттер менен окутуучуларды алмашуу, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана билим берүү жаатындагы тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жалпы химия, органикалык эмес химия, биоорганикалык химия жана башка багыттар боюнча конок лекцияларын окуп, студенттер менен жаш окумуштууларга заманбап химия илиминин жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуулардын жыйынтыгында эки жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташуунун келечектүү багыттары аныкталып, өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюуга багытталган алгачкы кадамдар жасалды.

Бул иш сапар Ош мамлекеттик университети менен Наманган мамлекеттик университетинин ортосундагы достук жана илимий-академиялык байланыштарды чыңдоого, ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түздү.

31 05:10 04-06-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|