GM-1-34, GM-2 13, 19, 20, 32, 33 - тайпаларында чет жана латын тилдери секциясынын окутуучулары жайкы экзамендик сессияга даярдык боюнча куратордук саат өткөрүлдү. Студенттерге сабактарга үзгүлтүксүз катышуунун маанилүүлүгү, экзамендик суроолорго өз убагында даярдануу жана академиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Сессия мезгилиндеги жоопкерчилик жана окуу тартиби боюнча кеңештер берилди.











