Новости

Куратордук саат

2026- жылдын 25-26-май күндөрү Жороева Айгул Митаевна GM-2 13-тайпасынын куратору жана Акбар к. Эркайым, Салиева Динара GM-2 19-20, GM-2 33-тайпаларынын Бусурманкул к. М. GM2-34, GM2-35 жана GM2-36 тайпаларыны кураторлору студенттери менен «Indian customs and traditions» аттуу темада куратордук саат өттүштү.

Студенттер Индиянын салттуу саламдашуу ыкмасы «Намасте», аялдар арасында кеңири тараган cалттуу кийимдер Сари, эркектер арасында популярдуу курта (узун көйнөк), коомдук жайларда жана храмдарда ийинди жана тизени жаап турган сак кийим тууралуу айтып беришти .
Мындан сырткары уй-бүлөлүк салттар, көп муундагы үй-бүлөлөр кеңири тарагандыгы, улууларга урмат көрсөтүү негизги баалуулуктардын бири болуп санала тургандыгы, фестивалдар, майрамдар катары төмөнкүлөр жонундо талкуу болду: Дивали (Жарыктар майрамы)- ал жарыктын караңгыны, жакшылыктын жамандыкты жеңишин символдоштурат. Адамдар үйлөрүн чырактар менен кооздоп, фейерверк атып, белек алмашып, таттууларды даярдашат. Холи- күздүн келишин белгилеген түстөр майрамы. Катышуучулар бири-бирине түстүү порошок ыргытып, достук менен биримдикти символдоштурушат деп билдиришти.
Индия тамак-ашы маалыматта студенттер ар түрдүү жана аймактар боюнча айырмалангандыгын кызыгуу менен айтышты. Диета көбүнчө вегетариандык тамак-ашка негизделген, анткени көптөгөн индуисттер диний себептерден улам вегетариандык тамактанууну карманышат. Адамдар адатта оң колу менен тамактанышат, анткени сол кол «таза эмес» деп эсептелет. Популярдуу тамактардын катарына күрүч, буурчак (дал) жана жалпак нан (наан, чапати) кирет.
Этикет тууралуу Индияда ачууланууну, кыжырданууну же чыдамсыздыкты көрсөтүү адат эмес сыяктуу ойлорду айтып беришти.
15 05:54 05-06-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|