Жанылыктар

Наманган мамлекеттик университетинде Эл аралык илимий конференция өттү.

2026-жылдын 3–5-июнь күндөрү Наманган мамлекеттик университетинде «Өзбек филологиясындагы текстология жана булак таануу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чара академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулуп, ага Азербайжан, Түркия жана Өзбекстандын бардык облустарынан окумуштуулар, аспиранттар жана магистранттар катышты. Конференцияга ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин окутуучусу Бөрүбекова Гүлназ Калматовна «Ш. Халмурзаевдин “Ээсиз калган ээн үй” чыгармасы» аттуу темада баяндама жасады. Иш-чаранын соңунда Гүлназ Калматовнага активдүү катышкандыгы үчүн сертификат тапшырылды.
106 10:53 06-06-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|