Ош мамлекеттик университетинде "Идея аракет натыйжа " аталышындагы жыл жыйынтыгы болуп өттү.
04:28
08-06-2026
113
2026-жылдын
5 -июнунда Ош мамлекеттик университетинде "Идея аракет натыйжа " аталышындагы жыл жыйынтыгы чыгарылып, сыйлоо аземи болуп өттү. ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин стипендиясы менен 1-вет тайпасынын студенти Момунбеков Усман Туратбекович окуудагы жетишкендиктери жана коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн сыйланды.
Жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу жигердүү ишмердиги жана квалификациялуу кадрларды даярдоодогу үзүрлүү эмгектери үчүн Айыл чарба колледжинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Зулпукарова Мархабо Исаковна
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланды.
Окуу жайдын 1-вет тайпасынын куратору Жунусалиева Пашакан Орозмаматовна студенттерди окутуу жана тарбиялоо ишиндеги жогорку кесипкөйлүүлүгү, жоопкерчилиги, камкор мамилеси жана куратор катары кошкон зор салымы үчүн ал эми окуудагы мыкты жетишкендиги, жаратмандык менен өзүн-өзү өнүктүрүүдө, чыгармачылыкта жигердүүлүк көрсөтүп, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмалангандагы үчүн 3-эас тайпасынын студенти, студенттик кеңештин төрагасы Автандил уулу Нурдөөлөт Ош мамлекеттик университетинин ыраазычылык каты менен сыйланышты.