2026-жылдын 3-5-июнь күндөрү Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы жатак мектебинде
11:42
09-06-2026
38
2026-ж. 3-5-июнь. ОшМУ, ИПК.
2026-жылдын 3-5-июнь күндөрү Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы жатак мектебинде Агахан эл аралык фондунун демөөрчүлүгү менен КРнын Агартуу Министрлиги жана Республикалык педагогдордун билимин өркүндөтүү жана кайра даярдоо институту тарабынан уюштурулган “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароонун мамлекеттик стандартын” турмушка ашыруу боюнча Кыргызстандын түштүк аймагындагы мектепке чейинки билим берүү адистери үчүн тренерлерди даярдоо боюнча тренингдик окуу болду.
Тренингдик окууну КРнын Агартуу Министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Н.А.Касымова жетектеген, мамстандартты жана “1-6 жаштагы балдарды өнүктүрүү программасын” иштеп чыгууга катышкан авторлордун тобу (А.Э.Камалова, И.Б.Дуланова, И.К.Токонова, Кенешчор к.С.,) билим берүүнүн заманбап, алдынкы тажрыйба технологияларын колдонуу менен өтүштү. Аталган тренингдик окууга МЧББУнан, окуу жайлардан, райондук жана областтык билим берүү башкармалыгынан, методикалык борборлордон жана билим берүү институттарынан 120 адис катышты.
Бул тренингде ИПКнын окутуучулары: п.и.к.,Т.А.Умурбекова, окутуучу Э.О.Сейдакматова катышып, учурдагы МЧББнүн актуалдуу маселелерин ишке ашыруу боюнча сунуш-пикирлерди айтышты. Алсак, бала бакчаларды атайын адистиги бар педагогдор менен камсыздоону күчөтүү, окуу жайларда компетенттүү адистерди даярдоого, студенттердин катуу жана жумшак көндүмдөрүн калыптандырууга, практикалык ишмердүүлүктөр үчүн педагогикалык-психологиялык лабораторияларды (STEAM) уюштурууга, кызыктар тараптардын кызматташтыгына өзгөчө көңүл буруу зарыл экендигин баса белгилешти.
Окууда “Кыргызстандагы 12 жылдык билим берүүнүн концепциясына” жана “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароонун мамлекеттик стандартына” ылайык 1-6 жаштагы балдарды өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун максаты, милдеттери жана мазмуну каралды. Тренинг төмөнкү программалар боюнча өтүлдү:
- КРнын Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароонун мамлекеттик стнадарты;
- МЧББУда инклюзивдик билим берүү;
- МЧББдөгү STEAM технологиялары;
- Педагогдордун “катуу жана жумшак” көндүмдөрүн калыптандыруу;
- Бала бакчаларда көп тилдүү билим берүү.