FARM NEWS:«Келечек бүгүн башталат – билим берүү менен өндүрүштү өнүктүрүү» аттуу конференция өткөрүлдү
09:27
11-06-2026
86
Фармация адистиги боюнча «Келечек бүгүн башталат – билим берүү менен өндүрүштү өнүктүрүү» аттуу илимий-практикалык конференциянын алкагында студенттердин ата-энелери жана стейкхолдерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты билим берүү мекемеси, өндүрүш өкүлдөрү, иш берүүчүлөр жана ата-энелер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле келечектеги фармацевт адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулоо болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө стейкхолдерлер фармацевтика тармагындагы заманбап талаптар, өндүрүш менен билим берүүнүн өз ара байланышы жана адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу пикирлерин билдиришти. Ата-энелер студенттердин окуудагы жетишкендиктери, практикалык даярдыгы жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат алышып, өз сунуштарын айтышты.
Катышуучулар билим берүү менен өндүрүштүн интеграциясын күчөтүү, практикалык окутуунун сапатын жогорулатуу жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, билим берүү мекемеси, өндүрүш өкүлдөрү жана ата-энелер ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар кабыл алынды. Конференциянын темасына ылайык, бүгүнкү күндө билим берүү менен өндүрүштүн тыгыз кызматташуусу өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүнүн маанилүү негизи экендиги белгиленди.