Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары С.М. Амиралиев, А.М. Жороева, А.Б. Маматова, А.Б. Кенжебайова бүтүрүүчүлөргө кесиптик багыт берүү үчүн Ош шаарындагы №6 А.С. Макаренко атындагы мектеп-гимназияга барышып, окуучулар менен жолугушуу өткөрүштү. Жыйында алар Ош мамлекеттик университети менен Урал мамлекеттик медициналык университетинин ортосунда “Дарылоо иши” адистиги боюнча түзүлгөн биргелешкен билим берүү программасы, магистратурадагы “Нутрициология”, “Коомдук саламаттыкты сактоо” багыттары жөнүндө айтышып, аудиторияны аталган кесипти тандоого чакырышты. Жыйынтыгында бүтүрүүчүлөр эки окуу жайдын дипломдоруна ээ болорун маалымдашты. Мындан тышкары 100 ашуун катышуучуга байланыш контакттар, адистик жөнүндө деталдуу маалымат камтылган баракчаларды таркатып беришти.