Новости

Сертификаттар тапшырылды

2026-жылдын 12-майында Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде 72 сааттык «Аял дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу» курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул курс Ош мамлекеттик университетинин квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмү, Түркия Диянет вакфы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду. Сертификаттарды тапшыруу аземине Квалификацияны өнүктүрүү борборунун директору п.и.к.,доцент Джороев Ташболот Абдыхаимович, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Таиров Азамат Жолдошалиевич, Теология факультетинин деканы, доцент Арипов Ниязали Турдалиевич, декандын орун басарлары Махмуд Демир жана Санжар Тажибаев, ФЮКтун теология бөлүмүнүн башчысы Ж.С. Апазов ошондой эле факультеттин профессордук-окутуучулук курамы катышып, курсту ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды.
9 03:56 15-06-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|