Новости

Орус тили курсу аяктады

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан 2025-2026-окуу жылында Кытай Эл Республикасынан келген студенттер үчүн атайын уюштурулган “Орус тили” курсу өз максатына жетип, соңуна чыкты. Курстун алкагында студенттер орус тилинин грамматикасын, лексикасын жана сүйлөө кебин тереңдетип үйрөнүштү. Окуу процессинин жыйынтыгында катышуучулар үчүн атайын сынак уюштурулуп, алар жыйынтыктоочу экзаменди ийгиликтүү тапшырышты. Сынак студенттердин алган билимин ар тараптуу баалоо максатында эки этапта — тест түрүндө жана ооз эки (сүйлөө) форматында өткөрүлдү. Бул жооптуу жана маанилүү курстун тренери педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Болотакунова Гульзат Жолдошбековна . Анын заманбап усулдарды колдонуп өткөн сабактары студенттердин тилди тез жана сапаттуу өздөштүрүүсүнө өбөлгө түздү. Сынактын жыйынтыгы менен курсту ийгиликтүү аяктаган кытайлык студенттерге ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун атайын сертификаттары салтанаттуу түрдө тапшырылды.
7 04:07 15-06-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|