2026-жылдын 10–13-июнь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун «Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК» жана «Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм» кафедраларынын базасында Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана окумуштуулары үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү.
Аталган курстар биринчи жолу акы төлөө негизинде уюштурулуп, университеттин эсебине 97 500 сом каражат түшүрүлдү.
Курстарга Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты. Алардын катарында Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинен Н.И. Сабитова, З.Н. Тожиева, Ш.М. Шарипов, Л.Б. Жуманов, Р.З. Райимжанов; Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинен Б.Б. Эшкувватов, М.З. Шарипова; Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинен А.А. Исаев; Кокон мамлекеттик университетинен Х.О. Абдиназарова, М.С. Мелиев, Д.Г. Муминов; Шахрисабз мамлекеттик педагогикалык институтунан Х.М. Байкабилов; Бухара мамлекеттик техникалык университетинен Х. Тухтаева жана Навои мамлекеттик тоо-кен жана технологиялар университетинен М. Раджабова болушту.
Катышуучулардын арасында 4 илимдин доктору жана 6 PhD даражасындагы окумуштуу болду.
Программанын алкагында угуучулар үчүн заманбап илимий жана билим берүү багыттарындагы лекциялар, практикалык сабактар, мастер-класстар, талаа шартындагы окуулар уюштурулуп, институттун материалдык-техникалык базасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан тиешелүү сертификаттар тапшырылат.
Бул иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түздү. Ошондой эле аталган курстар эки тараптуу достук мамилелердин жана натыйжалуу өнөктөштүктүн дагы бир айкын далили болуп калды.











