News

Өзбекстандын окумуштуулары үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары ийгиликтүү өткөрүлдү

2026-жылдын 10–13-июнь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун «Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК» жана «Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм» кафедраларынын базасында Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана окумуштуулары үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү.

Курстар алгачкы жолу акы төлөө негизинде уюштурулуп, анын натыйжасында университеттин атайын эсебине 97 500 сом каражат түштү.

Квалификацияны жогорулатуу программасына Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынан өкүлдөр катышты. Алардын катарында Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин, Шараф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин, Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинин, Кокон мамлекеттик университетинин, Шахрисабз мамлекеттик педагогикалык институтунун, Бухара мамлекеттик техникалык университетинин жана Навои мамлекеттик тоо-кен жана технологиялар университетинин окутуучулары менен илимий кызматкерлери болду.

Курс угуучуларынын арасында 4 илимдин доктору жана 6 PhD доктору катышып, программа алкагында заманбап билим берүү технологиялары боюнча лекциялар, практикалык сабактар, мастер-класстар, талаа шартындагы окуулар жана институттун материалдык-техникалык базасы менен таанышуу иш-чаралары уюштурулду.

Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга ОшМУнун Квалификацияларды жогорулатуу институту тарабынан тиешелүү сертификаттар тапшырылат.

Бул иш-чара Ош мамлекеттик университети менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы билим берүү, илим жана маданият тармагындагы кызматташтыктын мындан ары да бекемделип жаткандыгынын айкын далили болуп, эки өлкөнүн окумуштууларынын тажрыйба алмашуусуна жана кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түздү.

50 04:17 15-06-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|