ЭАББПЖМнин окутуучусу Алматыдагы эл аралык конференцияга жана жайкы мектепке катышып кайтты
09:41
16-06-2026
33
Үстүбүздөгү жылдын 1-10-июнь күндөрү Алматы шаарында "Казакстандын кол жазма мурасы: сактоо, изилдөө жана санарип гуманитаристика" аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Иш-чаранын алкагында кол жазмаларды сактоо, изилдөө, кодикология жана санарип гуманитаристика (digital humanities) багыттары боюнча атайын жайкы мектеп жана практикалык воркшоп уюштурулду.
Бул эл аралык иш-чарага Ош шаарынан барган жаш окумуштуу, изилдөөчү катышып, борбордук азиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашып кайтты.
Конференция жана жайкы мектеп Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кол жазма мурастарды заманбап технологиялардын жардамы менен изилдөөдө маанилүү аянтча болуп берди. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Каракалпакстан, Өзбекстан, Түркия, Грузия, АКШнын Гарвард университетиенин алдыңкы илимпоздору катышып, илимий байланыштарды чыңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен катышуучулар санарип гуманитаристика тармагындагы акыркы ыкмалар, кол жазмаларды реставрациялоо жана санариптештирүү боюнча заманбап тажрыйбалар менен таанышышты. Студенттер жана изилдөөчүлөр үчүн түзүлгөн бул мүмкүнчүлүк аймактагы кол жазмаларды изилдөө ишине жаңы дем бермекчи.