Новости

ОшМУда окуу жылы жыйынтыкталып, мыктылар сыйланды

5-июнда Ош мамлекеттик университетинде окуу жылынын жыйынтыгын чыгарууга арналган “Идея. Аракет. Натыйжа” аттуу салтанаттуу иш-чара өттү. Анда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков сөз сүйлөп, окуу жылы ичинде жетишилген ийгиликтерге токтолду. Ал университеттин өнүгүшүнө салым кошкон студенттерге жана кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, алардын аракеттери окуу жайдын жетишкендиктеринин негизин түзөрүн белгиледи. Ректор өз сөзүндө жаштардын демилгелерин жана чыгармачылык изденүүлөрүн университет ар дайым колдой турганын айтып, бүгүнкү ийгиликтер келечектеги чоң жетишкендиктердин башаты экенин баса белгиледи. Салтанаттын жүрүшүндө билим алууда, илимий изилдөө иштеринде, коомдук жана чыгармачылык багыттарда жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн алдыңкы студенттерге ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин стипендиясы тапшырылды. Бул сыйлыкка Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин 3-курсунун студенти Эрболот Ормошев татыктуу болсо, ал эми ректордун Ыраазычылык каты менен 3-курстун студенти Адина Базарбаева сыйланды. Мындан сырткары, окуу жылынын ичинде тарбиялык, уюштуруучулук жана коомдук иштерде өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн окутуучулар менен студенттерге төмөнкү сыйлыктар тапшырылды: Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары; КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары; ОшМУнун Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары. Алсак, КР Президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн Ыраазычылык каты менен Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Элназар Сагыналиевич Каримбаев сыйланды. Ал эми колледжде мыкты куратордук ишти алып баргандыгы үчүн 2ФТ1-24(у) тайпасынын академиялык кеңешчиси Муратова Бегайим Адинаевна ректордун Ыраазычылык баракчасына татыктуу болду. Маалымдама: “Идея. Аракет. Натыйжа” иш-чарасы окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу менен бирге, университеттин өнүгүшүнө салым кошкон мыктыларды даңазалоо жана алардын эмгегин баалоо максатында жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келет.
18 11:45 16-06-2026

                 

Новости

|< >|