Бүгүн, 2026-жылдын 16-июнунда, Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин бүтүрүүчү курс студенттери үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын негизги бөлүгү болгон мамлекеттик сынак ийгиликтүү өткөрүлдү.
Сынак белгиленген тартипте мамлекеттик аттестациялык комиссиянын катышуусунда өтүп, бүтүрүүчүлөр окуу мезгилинде алган теориялык билимдерин жана практикалык даярдыгын көрсөтүштү. Экзамендин жүрүшүндө ислам илимдери, диний жана гуманитардык багыттар боюнча билим деңгээли комплекстүү бааланды.
Мамлекеттик сынак – бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгын аныктоочу маанилүү этап болуп саналат. Экзаменди ийгиликтүү тапшырган студенттерге алдыдагы дипломдук ишин коргоодо жана келечектеги эмгек жолунда ийгиликтер коштосун.