News

Абжапар кызы Фарида VII илимий мектепке катышып келди

2026-жылдын 18-19-июнунда Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана Жогорку аттестациялык комиссиясынын уюштуруусу менен «Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн VII мектеби» өткөрүлдү. Иш-чарага Жогорку аттестациялык комиссиянын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын ректорлору, проректорлору, илимий-изилдөө мекемелеринин жетекчилери, ошондой эле докторанттар, аспиранттар жана жаш изилдөөчүлөр катышууда. Ал эми ЭАББПЖМнен ТТМИ нин окутуучусу Абжапар кызы Фарида катышып келди. Эки күнгө созулган мектептин алкагында илимий кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери, диссертациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, илимий эмгектердин сапатын жогорулатуу, эл аралык илимий журналдарга макала даярдоо, жасалма интеллекттин илимдеги орду жана илимий иштердин оригиналдуулугун камсыздоо сыяктуу маанилүү темалар боюнча баяндамалар жасалды. Иш чаранын аягында катышуучуларга атайын сертификаттар ыйгарылды.
114 07:25 23-06-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|