News

ОшМУнун кош дипломдуу билим берүү программасынын студенттери Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырышты

Кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча билим алып жаткан Ош мамлекеттик университетинин студенттери Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өтүштү.

Мамлекеттик экзамендер окууну жыйынтыктоодогу маанилүү этап болуп, студенттердин даярдык деңгээлинин жогору экендигин дагы бир жолу тастыктады. Аттестациянын жүрүшүндө студенттер терең теориялык билимдерин, кесиптик компетенттүүлүгүн жана алган билимдерин практикада колдоно билүү жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Мамлекеттик экзамендик комиссиянын мүчөлөрү ОшМУнун студенттеринин мыкты даярдыгын, жоопкерчиликтүү мамилесин жана кесиптик багыттагы сабактарды ишенимдүү өздөштүргөндүгүн өзгөчө белгилешти. Мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу студенттердин үзүрлүү эмгегинин, окутуучулардын сапаттуу ишмердүүлүгүнүн жана эки жогорку окуу жайдын ортосундагы натыйжалуу кызматташтыктын жыйынтыгы болуп саналат.

Кош дипломдуу билим берүү программасы студенттерге эл аралык деңгээлдеги сапаттуу билим алууга, академиялык жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле эки университеттин дипломунун ээси болууга шарт түзөт.

Ош мамлекеттик университетинин жетекчилиги студенттерди мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, аларга кесиптик ишмердүүлүгүндө, илимий изилдөөлөрүндө жана жаңы жетишкендиктерди багындырууда зор ийгиликтерди каалайт.
95 04:05 24-06-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|