Жанылыктар

Мамлекеттик тил тестти

ОшМУнун ФжМАКИ институтунун ФАКТ кафедрасынынын окутуучулары тарабынан 2025-2026-окуу жылы ичинде ОшМУнун бардык адистиктеринде окуган 1-курстун студенттери үчүн мамлекеттик тилди өздөштүрүү деңгээлин баалоо үчүн баштапкы тест жана жыйынтыктоочу тест уюштурулду.
Жыл жыйынтыгында студенттердин жетишкендиктерин жана тилдик көндүмдөрүнүн өсүшүн аныктоо максатында В2 деңгээлиндеги тестирлөө алынды. Тестирлөөнүн жыйынтыктары окуу жылы ичинде жүргүзүлгөн иштердин натыйжалуулугун баалоого жана мамлекеттик тилди окутуу сапатын мындан ары жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга негиз болот.
Бул тестти алуу, жыйынтыгын чыгаруу иштеринде ФжМАКИнин факультеттер аралык кафедрасы, кафедра башчысы п.и.к., З. Каразакова, ф.и.к., Караева Н, ф.и.к., Осмонова А, п.и.к., Т.Айбашова, Т.Ашировалар жана кафедранын жамааты алгылыктуу иш алып барышты.
Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салым кошо бериңиздер, мыкты эмгегиңиздер натыйжасын берет деген ишеничтебиз!
90 05:49 24-06-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|