Ибрахим бин Ради Аль-Ради мырзанын катышуусунда "Араб тили жана маданияты" борбору ачылды
10:49
24-06-2026
103
Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда
Сауд Аравиясы Королдугунун
Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, урматтуу Ибрахим бин Ради Аль-Ради мырзанын катышуусунда "Араб тили жана маданияты" борбору ачылып, элчи мырза жаңы ачылган борборго ийгиликтерди каалоо менен бирге белектерди тапшырды.
Мындан сырткары жакынкы күндөрү
Ош мамлекеттик университетинин базасында Кыргыз-Араб факультетин ачууга көмөк көрсөтөөрүн убадалады.
Учурда Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда 100дөн ашык студенттер жана магистранттар араб тилин окушат.