Новости

Билим берүүдөгү инновациялар

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан 1-индан 30-июнга чейин Өзбекстан Республикасынын Кимё атындагы Ташкент эл аралык университетинин Наманган шаарындагы филиалынын окутуучулары үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча акылуу курс уюштурулду. Бул эл аралык билим берүү программасы “Билим берүүдөгү инновациялар жана тенденциялар: санариптик окутуудагы жаңы технологиялар жана алардын келечеги” деп аталып, жалпысынан 144 саат өлчөмүндө жүргүзүлдү. Курстун алкагында заманбап санариптик технологиялар, билим берүүдөгү акыркы инновациялык тенденциялар жана аларды окуу процессинде натыйжалуу колдонуунун жолдору тууралуу терең маалыматтар берилди. Санариптик билим берүүнүн келечегин багыттаган бул курсту ОшМУнун тажрыйбалуу жана кесипкөй адистеринен турган төмөнкү тренерлер курамы өттү: Жолдошов Толкунбек Мамытович – тарых илимдеринин кандидаты, доцент; Акматов Абдилазиз Алиевич – улук окутуучу; Камалов Султан Сабырбекович – окутуучу. Курстун жыйынтыгында катышуучуларга алган билимдерин тастыктаган атайын үлгүдөгү сертификаттар тапшырылат.
99 06:18 26-06-2026

                 

Новости

|< >|