Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан заманбап эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон "1С: Бухгалтерия жана бухгалтердик эсеп" багыты боюнча атайын окуу курсу уюштурулду.
2026-жылдын апрель айында өткөрүлгөн бул курстун алкагында угуучулар каржылык эсеп-кысапты жүргүзүү, салык отчеттуулугун даярдоо жана "1С: Бухгалтерия" программалык камсыздоосу менен автоматташтырылган тартипте иштөө боюнча зарыл болгон теориялык жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.
Курсту ОшМУнун тажрыйбалуу адиси – Бухгалтердик эсеп жана салык бөлүмүнүн окутуучусу Файзуллаев Бекалмаз Журабаевич жогорку деңгээлде өттү.
Окуу программасын ийгиликтүү аяктаган 4 угуучуга тиешелүү үлгүдөгү атайын сертификаттар тапшырылды.