2026-жылдын 23–25-июнь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Бизнес паркында «Cheber: Skills Development in Kyrgyzstan» долбоорунун алкагында «Чоңдорду окутуу тармагында сапатты камсыздоо жана тренерлердин кесиптик өнүгүүсү боюнча швейцариялык ыкмалар: eduQua жана AdA» аттуу эл аралык вебинар болуп өттү.
Иш-чара гибриддик форматта уюштурулуп, ага билим берүү уюмдарынын, жогорку окуу жайлардын, чоңдорду окутуу борборлорунун, Ош жана Манас шаарларындагы ишкерлерди колдоо борборлорунун өкүлдөрү, “Youth of Osh” жаштар уюму, эксперттер жана башка кызыкдар тараптар катышты. Вебинардын жүрүшүндө курулуш, HoReCa, агрардык сектор жана санариптик технологиялар, анын ичинде жасалма интеллект багыттары боюнча окутуунун рамкалык программаларын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
ОшМУнун Бизнес паркы бул иш-чараны өткөрүү үчүн аянтча гана болуп бербестен, университет тарабынан долбоордун координатору катары да активдүү уюштуруучулук колдоо көрсөттү. Бизнес парктын командасы билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, окутуучуларды, тренерлерди, студенттерди жана кызыкдар адистерди тартуу жана катышуучуларды топтоо боюнча иштерди жүргүздү. Ошондой эле каттоо процессин координациялоо, катышуучулар менен байланыш түзүү, вебинар өтүүчү мейкиндикти даярдоо жана кесиптик тажрыйба алмашууга ыңгайлуу шарттарды түзүү камсыздалды.
Вебинардын негизги максаты — катышуучуларды чоңдорго билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана окутуучуларды даярдоо боюнча Швейцариянын ийгиликтүү тажрыйбалары менен тааныштыруу болду.
Иш-чарага эл аралык эксперттер Ганс Шустередер, Кристиан Вагнер, Алтынай Молдоева, Элдияр Сыдыков, Гүлжамал Чокморова катышып, ошондой эле SVEB — Швейцариянын чоңдорду окутуу жана үзгүлтүксүз билим берүү федерациясынын эксперт-тренерлери онлайн форматта баяндама жасашты. Алар билим берүү кызматтарынын сапатын баалоонун заманбап механизмдерин киргизүү жана тренерлердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү боюнча Швейцариянын тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
Вебинардын өзөгүн эки негизги система түздү. *eduQua* — чоңдорду окутуу тармагында иш алып барган уюмдар үчүн сапаттын улуттук белгиси болуп саналат. Бул система башкаруу, билим берүү программаларынын сапаты жана уюмдардын ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз жакшыртуу боюнча стандарттарды аныктайт. Ал эми *AdA* — Швейцарияда таанылган окутуучуларды жана тренерлерди даярдоо, сертификациялоо жана кесиптик жактан өнүктүрүү системасы. Бул система педагогикалык чеберчиликтин жогорку деңгээлин камсыздоого багытталган.
Вебинардын жүрүшүндө катышуучулар сапат стандарттарын киргизүүнүн практикалык мисалдарын карап, билим берүү уюмдарын сертификациялоо, ички сапат көзөмөлүнүн натыйжалуу системасын түзүү жана швейцариялык ыкмаларды Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл формалдуу эмес билим берүүнү өнүктүрүүгө жана чоңдор менен иш алып барган адистердин квалификациясын жогорулатууга бурулду.
Бул иш-чара эл аралык эксперттер менен Кыргызстандын билим берүү коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда кесиптик тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Катышуучулар сунушталган тажрыйбалардын актуалдуулугун жана аларды өлкөдөгү чоңдорду окутуу системасын өркүндөтүүдө колдонуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгилешти.
ОшМУнун Бизнес паркы мындан ары да эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүп, билим берүү тармагына дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантат. Мындай иш-чаралар кесиптик коомчулукту чыңдоого, окутуучулардын компетенцияларын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандагы билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын соңунда уюштуруучулар эл аралык эксперттерге, өнөктөштөргө жана вебинардын бардык катышуучуларына активдүү катышуусу, мазмундуу талкуусу жана чоңдорду окутуунун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүгө болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдиришти.











