News

Институттун директору профессордук-окутуучулук курам менен жалпы жыйын өткөрдү

2026-жылдын 29-июнунда Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору профессор Низамиев А.Г. Табият таануу секторунун профессордук-окутуучулук курамы менен жалпы жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыктары чыгарылып, окуу, илимий-изилдөө, тарбиялык жана уюштуруучулук иштер боюнча аткарылган иштерге кеңири талдоо жүргүзүлдү.

Ошондой эле 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын уюшкандыкта өткөрүү маселеси каралып, кесиптик багыт берүү иштерин күчөтүү, талапкерлерди тартуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүү жана кабыл алуу кампаниясын жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйында билим берүү программаларын аккредитациялоо процессинин жыйынтыктары да талкууланды. Аккредитациялоо учурунда эксперттер тарабынан белгиленген кемчиликтер жана берилген сын-пикирлер боюнча билим берүү программаларынын жетекчилери маалымат беришип, кемчиликтерди жоюу жана сунуштарды ишке ашыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасашты. Катышуучулар тарабынан бул багыттагы иштер боюнча сунуш-пикирлер айтылып, алдыдагы милдеттер талкууланды.

Жыйындын соңунда институттун директору алдыдагы окуу жылында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, кабыл алуу кампаниясын ийгиликтүү өткөрүү жана аккредитациялык талаптарды толук аткаруу боюнча иштерди өз убагында жана жоопкерчилик менен жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
61 06:44 30-06-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|