2026-жылдын 14–20-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун Менеджмент жана мамлекеттик башкаруу кафедрасынын окутуучусу, э.и.к. Токторова Венера Кудайназаровна Түркия Республикасынын Элязыг шаарындагы Фырат университетинде ишке ашырылган Орхунакадемиялык мобилдүүлүк программасына катышты.
Программанын жүрүшүндө Экономика жана административдик илимдер факультетинин билим берүү процессин уюштуруу тажрыйбасы, академиялык чөйрөсү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өзгөчө менеджмент, экономика жана бизнес-администрлөө багыттары боюнча адистерди даярдоо тажрыйбасы, ошондой эле Түркиянын жогорку билим берүү системасында колдонулган заманбап окутуу ыкмалары кызыгууну жаратты.











